• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Микроавтобус менен жеңил автоунаа кагышып, үч киши мерт болду

19 Үчтүн айы 202014:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө микроавтобус менен жеңил автоунаа кагышып, үч киши мерт болду. Бул тууралуу маалыматты баш калаанын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ырастады.

Окуя 18-январдын кечинде Элебесов көчөсүндө болгон. Кичиавтобус «Mitsubishi» жана жеңил машине «Жигули» үлгүсүндө экени такталды. Каза болгондор «Жигулинин» жүргүнчүлөрү болушкан.

Кырсыктын видеосун бир катар блогерлер жана басылмалар өз баракчасына жайгаштырып, окуянын чоо-жайын жазышты.

Количество просмотров: 74