• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Милициянын кызматкерлери 2500 доллар пара менен кармалды

25 Үчтүн айы 2019 11:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМК менен биргеликте 24-январда Бишкек шаардык милициясынын Е.А аттуу кызматкерин жана ИИМдин Н.У жана Ж.Т аттуу мурдагы кызматкерлерин 2500 доллар пара менен кармады. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Коррупцияга шектелип кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери башталды. Милициянын мурдагы кызматкерлери пара талап кылуу жана алдамчылыкка шектелип издөөдө жүрүшкөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 32