• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Милиция кызматкерлери шаар тургунун сабап, омурткасын сындырышкан

28 Бирдин айы 201917:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.02.2019.Govori.TV.

Октябрь районунун милиция кызматкерлери иш бөлмөсүнөн Бишкек шаарынын тургуну Эльдияр Асангариевди сабашып, омурткасын сындырышты. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыккан.

Учурда жабыркаган адам Улуттук госпиталда жатат.

Видео кактус мадиа

Жабырлануучунун айтымында, күркөсүн жолдон алуу боюнча сот аткаруучулар менен милиция кызматкерлери келген. “Алар күркөлөрдү жүк жүктөөчү унаага жүктөштү. Каяка алып барасыңар десем эле милициялар келип, колдон кайрып өздөрүнүн унаасына салышты. Октябрь РИИБине алып келип, милициялар мени катуу сабап башташты. Мен полго жатып калганда бир милиция келип, тизелеп далыма секирди. Мен милициялардан сабабагыла деп жалындым. Алар эч айоосуз сабашты. Мени сабап жатканда апам, имараттын тышында турган. Аны киргизбей коюшту. Мени сабаган милициялар жок болуп кетишти. Бир сержант гана тургузуп жардам берди. Менин омурткамдын эки жери сынып кетиптир”, — деди жабырлануучу Элдияр Асангариев.

Булак: Катус медиа

Количество просмотров: 24