• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Милиционерлердин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө башталды

18 Баш оона 20239:05 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу ИИМдие басма сөз кызматы кабарлады.

Иликтөөнүн жыйынтыгында өздүк курамындагы кызматкерлерге көзөмөлдүн жоктугун көрсөткөн жетекчилерге карата Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык катуу тартиптик чаралар көрүлөт.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 105