• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Дөңгөлөк өрттөгөн». Милиция акцияга чыккан жаран боюнча маалымат берди

9 Бирдин айы 2023 14:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акция өткөрүү үчүн чыккан жаран боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-февраль саат 11:20 чамасында “102” кызматына Орусия Федерациясынын элчилигинин жанында белгисиз адам нааразычылык көрсөтүү иретинде унаанын дөңгөлөгүн өрттөп жибергендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу жана райондук администрациянын жетекчилиги барган.

«Милиция кызматкерлери анын өздүгүн такташып, ал жаран 1961-жылы туулган Б.У болуп чыкты. Учурда ал бардык жагдайларды тактоо үчүн тергөө кызматына жеткирилди, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Количество просмотров: 195