• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Милиция “Азаттыктын” кабарчыларын алып кетти

23 Бештин айы 202413:53 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1 тергөө абагынын (расмий аталышы №21 тергөө изолятору) алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери Бишкектин Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кетти. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, журналисттер чогулган адамдардын биринен интервью алган. Милиция кызматкерлери тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң милиция бөлүмүнө алып кеткен.

Тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты тургун абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдиришти.

Мунун алдында бир катар басылмалар ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.

Ал эми ЖАК бул тууралуу комментарий берип, абактагылар ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдиришкен.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Азаттыктын” кармалган журналисттери тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 249