• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Милиция балдарын урган аялды издөөдө

13 Бештин айы 2019 12:21 Бишкек Govori.TV

Милиция балдарын уруп, таштап кеткен атасын чакырттырган аялды издөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция сабоо фактысы боюнча шаар аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө.

Социалдык тармактарда балдарын атасы кетип калгандыктан сабаган аялдын видеосу тараган. Балдарын уруп жаткан аял: «Мен азыр силерди таштап кетем. Ыйлабагыла! Атаңарды чакыргыла.», — деп айтканы көрүнүп турат.

Кээ бир ЖМКларда балдарын сабаган аялдын сүрөтү жарыяланган.

Количество просмотров: 327