• Шаршемби 2 Бештин айы 2020

Милиция БШКда тинтүү кылып жатканы кабарланды

24 октября 2020 в 13:05 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясында күч кызматкерлери келип, документтерди карап, тинтүү болуп жатканын БШКнын мүчөсү Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалымат боюнча, 12:00гө жакын милиция кызматкерлери келип БШКнын айрым мүчөлөрүнөн түшүнүк кат жаздырышкан.

Учурда БШК чукул жыйынга чогулуп жатканы маалым болду.

Эске салсак, 21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан

Количество просмотров: 71