• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Милиция дарыгерге кол салган аялды издеп жатат

22 Үчтүн айы 202010:52 Бишкек Govori.TV

Милиция кечээ № 3 балдар клиникалык ооруканасында дарыгерге кол салган аялды издеп жатат.

Белгилүү болгондой, дарыгер укук коргоо органдарына кат жүзүндө арыз жазган. Анда баласы менен келип дарыгерди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, денесине залака келтирген аялга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш башталып, тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында кайрадан жаңжал чыкты. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.

Количество просмотров: 113