Кыргызстанда 7-ноябрдан тарта режиссёр Максат Жумаевдин «Участкалык инспектор Марат» драмасы көрсөтүлөт. Тасма Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган.
Тасма сюжетинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктагандан кийин, эң мыкты бүтүрүүчү Марат тууралуу баяндалат.
Шаардын сыртында бир нече бычактан жаракат алган кыздын кандуу денеси табылат. Көп өтпөй дагы бир жабырлануучу табылды. Сериялык киши өлтүргүч иштеп жатат. Марат тажрыйбалуу кесиптештери менен бирдикте бул коркунучтуу ишти ачууга аракет кылууда.