• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Милиция: Көзү ачыктарга, төлгөчү жана табыптарга ишенбегиле!

27 Теке 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги коомчулукка кайрылып көзү ачыктарга, төлгөчү жана табыптарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы алар адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психолог адамдар экендигин баса белгилейт.

«Эреже боюнча, жарандар алардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп кетсе, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат. Алардын максаты сиздин ден соолугуңуз же көйгөйлөрүңүз эмес, акчаңыз. Алар жүктөлгөн каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп алдап, өз тузагына илишет. Чындыгында, аларга маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай жардам таба албайсыз», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ ооруп калган жарандарды медициналык мекемелерге гана кайрылууну сунуш кылат. Милиция алданып калган жарандарды же буга байланышкан окуяга туш келгендерди 102 телефонуна кабарлап коюуну өтүнөт.

Количество просмотров: 720