• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы катталды

19 Баш оона 202412:57 Бишкек Govori.TV


18-августта саат 10:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Т. Ж. аттуу жаран “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, “Кия Соренто” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Жол кырсыгынан улам эки айдоочу тең ооруканага жеткирилген. Бул жол кырсыгына байланыштуу бардык материалдар Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, жарандык активист Болот Ибрагимов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу милиция кызматкери жол кырсыгына кабылганын жарыялаган.

Жол кырсыгына кабылган “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ИИМдин күзөт кызмат полкунун кызматкери экендигин кайгуул кызматынан тастыкташты.

Количество просмотров: 279