4-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБине М.Н. аттуу жаран М.К. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ал 2021-жылдын октябрь айында алдоо менен ишеничине кирип, Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылынан жер алып берем деп, 10 миң АКШ долларын алып, бирок убадасын аткарбай, акчаны алган бойдон изин жашырып качып кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1972-жылы туулган М.К. аттуу жаран Ленин РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Ал КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү катары убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу дагы ондон ашык жосундарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Урматтуу жарандар, эгерде сиз бул шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номуруна кайрылыңыз болот: 0702 494 730, 0999 888 845 же 102 .
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы