Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча 18 жетекчи жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды.
Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.