• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Милиция митингде журналисттерди кармап кетти

10 Үчтүн айы 202314:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-январда Бишкектеги Ички иштер министрлигинин алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар Кемпир -Абад иши боюнча жапырт кармалган саясатчы, активисттерди бошотуу талабын айтышты.

Андан соң чогулгандарды милиция тарабынан таратуу аракети болуп, натыйжада акциянын бир нече катышуучусу кармалды.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери митингди чагылдырып жаткан “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Эркайым Асанканованы кармап кетишти.

Милиция кызматкерлери журналист Ички иштер министрлигинин алдындагы митингди түз эфирде чагылдырып жаткан жеринен кармап кетишти.

Ал эми «Азаттыктын» журналистин да кармап кетүү аракети болду. Аны милиция кызматкерлери кармап автобуска салууга аракет кылышкан.

Количество просмотров: 72