• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп ачкачылык жарыялагандардын чатырын күч менен алып кетишти

14 Чын куран 2021 12:16 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында ачкачылык жарыялаган партиялардын өкүлдөрүнүн атайын тигилген чатырын милиция кызматкерлери алып салышты.

«Чатырыбызды мыйзамсыз биздин каршылыгыбызга карабай алып коюшту. Акциябыз үч күн болот. Бизди угушпайт экен, ошондуктан, ушундай жолдорго барууга аргасызбыз», — деди «Кыргызстан коммунисттери» партиясынын өкүлү Амантур Манапбев.

Анын айтымында, акцияга кошулууну башка партияларга да сунуштады.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум өттү. Ага жалпы тизмедеги шайлоочулардын 37% катышканын Боршайком кабарлаган. Анын ичинен 79% Конституциянын жаңы редакциясын колдоп добуш беришкен.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы чыккан күндөн бери БШК имаратынын алдына митинг өткөрүп келишет.

Количество просмотров: 304