• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Милиция: Унаанын терезесин талкалаган шектүү кармалды

13 Бештин айы 2020 11:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте автоунаанын терезесин талкалаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-декабрда болжол менен саат 02:20 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Абдумомунов менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен автоунаанын терезесин талкалап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда, Т.К.нын(аты өзгөртүлдү) «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгу автоунаасын белгисиз жаран талкалап кеткендигин кабарлап, кайгуул кызматкерлеринен чара көрүүнү өтүнгөн.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ошол замат ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Б.ны кармашып, Биринчи май РИИБдин тергөө кызмытына өткөрүп беришкен. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 102