Бишкек 20.03.2018 Govori.TV
Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.
«Баткен облусу боюнча иштеген ИИМ кызматкерлери Ош-Баткен автожолунан Honda Inspire маркасындагы унааны токтотушкан. Унааны ИИМдин Банги затына каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча ыкчам кызматкери А.А айдап бара жаткан. Унааны тинткенде 16 скотч менен оролгон пакет чыккан. Экспертизанын жыйынтыгында пакеттин ичиндеги 19 кг, 650 грамм зат Авганистандан чыккан гашиш экени аныкталды»-деп жазылат маалыматта.
Учурда «Маңзатты мыйзамсыз даярдоо, ташуу жана сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган ИИМдин офицери убактылуу кармоочу жайга камака алынды.