Милициянын кайгуул кызматынын «Рено логан» үлгүсүндөгү унаасы менен «Фольскваген Пассат» кагышкан учур видеокамерага түшүп калган. Видеону редакцияга күбө жиберди.
Жол кырсык Бишкек шаарынын Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 22-февралда болжол менен саат 01:22де болгон. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Унаалар айып короого киргизилди.