ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан укук бузуулар болсо, укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган учурлар болсо кайда кайрылуу керектигин айтып, телефон номерлерди таратты.
«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп туруп, айрымдары кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышып, укук бузууларды жана кылмыштарды жасаганга чейин барышат.
Атайын биздин жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефодорун маалымдайбыз. Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери (укук бузуулар жана кылмыштар боюнча арыздарды кабыл албоо, пара талап кылуу, коркутуу, опузалоо ж.б.) тууралуу кайрылсаңыздар болот», — деп жазылат маалыматта.
Мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефон
номурларына 0 704 999 918, 0999 917 397 жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө 0312 66-23-31 номуру аркылуу тез арада кабарлаңыз.