“Министр Артем Новиковго кыргыз тилин окутуу үчүн бир айга 12 миң сом өтө кымбат”. Бул тууралуу КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти. Аталган комиссиянын окутуу иштери боюнча бөлүмүнү билдиришинче, комиссиянын тил окутуу борборунда жеке окутуу үчүн бир айга 3600-4200 сомго чейин бааланат.
“Биз, министр Артем Новиковго кыргыз тилин окутуу боюнча мамлекеттик тендерге катышалы деп жатабыз. Биздин практикада буга чейин министрлерди окутуу болбогону менен, министрликтердин кызматкерлерин БУУнун долбоору аркылуу окутканбыз. Биздин улуттук комиссиябыздын окутуу борбору 2014-жылкы Өкмөттүн №529-Токтомуна ылайык, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге бир сааттык тил үйрөтүүнү баасы 300 сом деп белгиленген. Эгер окутууну илимий даражасы бар адистер окута турган болсо 1 сааттык окутуунун баасы 350 сом. Бизде тажрыйбалуу репетиторлор иштейт”,-деп жооп берди комиссиянын окуу борборунун окуу иштери боюнча жетекчиси Айнура Исманкулова.
Мындан соң, Govori.TVнын кабарчылары интернет аркылуу жекече кыргыз тилин окутуучу репетиторлор менен байланышып көрдүк. Тажрыйбалуу репетитор, Алтынай Садыбакасова бир сааттык кыргыз тил үйрөтүү үчүн 250 сом алаарын айтты. “Жумасына үч жолу, бир сааттан кыргыз тилинин грамматикасын жана сүйлөө речин үйрөтөм. Сабакты кардар кайсыл жерден өтүүнү кааласа, ошол иш ордуна барып өтөбүз. Башка кошумча акы талап кылынбайт”,-дейт ал. Демек, бул репетитордун эсеби менен алганда, бир айга бир адам үчүн болгону 3000 миң сом, үч айга 9000 сом талап кылынат.
Ал эми “Rich Studiu” аталган окуу борбору менен байланышканыбызда, андагы кызматкерлер кыргыз тилин жеке окутуунун бир сааттык баасы 300 сом экендигин, иш тажрыйбасы 5-10 жылдан ашкан, жогорку квалификациялуу адистер тил үйрөтөөрүн бышыкташты.
Эске сала кетсек, буга чейин КРнын экономика министри Артем Новиковдун кыргыз тилин үйрөнүүсү үчүн айына бюджеттен 12 миң сом каралганы маалым болгон. Министрлик үч айлык мөөнөттө кыргыз тилин атайын жалданган репетитор аркылуу министр үйрөнүп, 36 миң сом төлөнөөрүн, ал репетитор буга чейин Игорь Чудинов менен Олег Панкротовду окуткандыгын ММКларга билдирген болчу.