• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Министр «Бала-Саруу» ГЭСин куруу иштери менен таанышты

15 Бирдин айы 2023 16:53 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефиндеги «Бала-Саруу» кичи ГЭСин куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министр ГЭСтин жогорку чыңалуудагы 110 кВ «Покровка» жана «Кара-Арча» аба чубалгыларын куруу иштери жүрүп жатканын жана жалпы орнотулуучу 31 тирөөчтүн ичинен 18и монтаждалып бүткөнүн, Киров суу сактагычынын аймагында 110 кВ жабык бөлүштүрүүчү түзмөктөрүн (ЖБТ) куруу иштерине күбө болду. Ошондой эле ар бир технологиялык жабдуулардын бөлмөлөрү өзүнчө каралганы тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, «Бала-Саруу» ГЭСке колдонулууга керектүү тетиктердин биринчи баскычы алынып келинген. Министр алынып келинген генераторду, куруучу компаниянын өзүлөрүнүн өндүрүшү катары цехте жасалып жаткан тетиктерди, ГЭСтен чыккан электр энергиясын бөлүштүрүү үчүн колдонулуучу мамычаларды текшерди.

Министр Ибраев «Бала-Саруу» ГЭСи ишке берилсе электр энергиясына болгон тартыштыктын жоюлушуна себеп болоорун билдирип, ГЭСти убагында бүткөрүүнү жана сапаттуу салууну көзөмөлдөө үчүн тиешелүү адистерге тапшырма берди.

«ГЭСтин курулушунун тездик менен бүтүшүн күтүп жатабыз. Салынганга жараша сапаттуу болсун, куруучуларга керектүү шартты түзүп берип, курулуш ишин токтотпостон тездик менен бүткөрүп, ишке берүү керек. ГЭС ишке кирсе электр энергиясына болгон тартыштыкты гана жойбостон, элди жумуш орду менен да камсыз кылат», — деди ал.

Эскерте кетсек, «Бала-Саруу» ГЭСтин курулуш иши 2021-жылы башталган. Долбоорго ылайык, анын жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт/с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгат. Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат. Аталган ГЭСти 2023-жылдын соңунда ишке берүү пландалууда.

Количество просмотров: 79