• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Министр Ибраев Кыргызстанда курууну пландап жаткан АЭС боюнча маалымат берди

4 Тогуздун айы 202413:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев “Росатом” курууну пландап жаткан атомдук электр станция (АЭС) жөнүндө маалымат берди.

“Кошуна мамлекеттер бул боюнча активдүү киришип жатышат. Казакстанда атомдук электр станция курууга элдин колдоосу бар деп жатышат. Эми эртең референдумда көрөбүз. Биз былтыртан баштап “Росатом” менен Энергетика министрлиги меморандум түзгөнбүз. “Росатомдун” башкы директору Лихачёв менен жолуктук. Эң биринчи тапшырма АЭС куруу боюнча коомчулук менен иштөө болгон. Ал боюнча иштер жүрүп жатат. Азыр жерди тандоо иштери жүрүүдө”, — деди Ибраев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанга атомдук электр станция керек экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 128