Министр Батыралиев врачтардан 3 млн. сом айып пул өндүрөт
Министр Батыралиев врачтардан 3 млн. сом айып пул өндүрөт
19 Бирдин айы 201811:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.01.2018. Govori.TV
КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кол алдында иштеген дарыгерлерден дээрлик 3 миллион сом айып пул өндүрүп алууну соттон өтүнгөн. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райсотундагы каралып жаткан соттук териштирүүдө маалым болду.
Анда маалым болгондой, 2017-жылдын 1-декабрында “Кыргыз Туусу” гезитине бир канча оорукана жетекчилеринин атынан бийлик башчыларына кайрылуу жарыяланып, андагы айрым сөздөр министрдин кадыр-баркына доо келтиргендиги үчүн министр сотко кайрылган.
Министрдин доо арызы боюнча моралдык чыгым үчүн 2,7 миллион сом суралган.
Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынат
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун …