• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Министр Бейшеналиев: 10-15 жолу сылык айтсам укпай, «лопух» десем түшүндү

10 Жалган куран 2022 17:23 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Көздүн микрохирургиялык ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.

«Мен негизи өзүм сылык сүйлөйм. 10-15 жолу сылык айтсам укпай, «лопух» десем түшүнөт экен. «Келишимиң бүттү, сен улуу микрохирургсуң жаман көрүнбөй чыгып кетчи» десем түшүнбөй койду. Саламаттык сактоо тармагын реформалоо болуп жатат. Анын алкагында мамлекеттик имараттарды кайтаруу аракети мурун эле башталган. Сиздер ал жака көңүл бурбай, аконитти айтып туруп алдыңар»,-деди министр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-мартта Бишкектеги №2 көп тармактуу ооруканага барып, Исманкуловдун менчик клиникасы оорукананын ижарага алган корпусун бошоттубу же жокпу текшерген.

Количество просмотров: 3024