• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Министр Бейшеналиев №61 мектеп директорунун кармалышы боюнча комментарий берди

11 Баш оона 2022 13:07 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналист Майраш Базлакунова менен курган маегинде Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский тууралуу суроого жооп берди.

 «Бул Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн иш-чара болду. Бул тууралуу мен дагы интернет айдыңында тааныштым. Ооба, коррупция көйгөйү мектептерде бар, аны комплекстүү чечүүнүн бир механизми катары мектеп директорлук кызматына конкурс өткөрүп жатабыз. Анткени узак мөөнөттө бир кызматта орун ээлеп отуруу коррупциялык көрүнүштөргө жол ачышы мүмкүн. Андыктан мектеп директорлору беш жылда бир сынактан өтүп турсун, ротация болсун деген ниет менен ушундай механизм киргизип жатабыз», — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, 9-августта УКМК Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Мекеме ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын жарыялаган.

Атайын кызмат шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөнүн, “Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталганын” кошумчалаган.

Количество просмотров: 7365