Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн ооруканадан чыгат. Бул тууралуу Govori.TVга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Акылбек Үсөнбековичтин абалы канааттандырарлык. Мамлекеттик жумуш күтүп турбайт, ошол себептүү дарылануусун ооруканадан тыш улантат. Президент, Министрлер кабинетинин төрагасы эл үчүн бир күндө 24 саат иштеп жатышат”, — дейт министр.
Эске салсак, Акылбек Жапаров 28-апрель күнү ооруканага жаткырылган.