Бишкекте эпидемиолгиялык кырдаал курчуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрдагы маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, учурда санитардык эрежелер сакталбай жатат.
«Эпидемиологиялык абалдын курчушу өлкөнүн түштүк аймагында байкалып жаткан болсо, азыр борбор калаада да абал курчуй баштады. Бүгүн Бишкекте коронавирус жуктурган 77 учур катталды. Нааразычылык акциясына чыккандар аралыкты сактабай, бир бөтөлкөдөн суу ичип жатышат. Баардыгы эпидемиологиялык абалга таасир тийгизет»,-деди Абдикаримов.