• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Саламаттык сактоо министри кызматтан кеттиби? Өкмөттүн жообу…

27 Теке 202015:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз өкмөтү саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 27-июлда билдиргендей, министр Абдикаримов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок.

«Ал ооруканадан чыкты. Учурда аралыктан иштеп жатат. Жакынкы күндөрү ишке чыгат»,- деп жазылат маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат булактары Абдикаримов отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын, анын ордуна өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева дайындала турганын жазып чыккан.

Количество просмотров: 208