• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Министр Абдикаримов пневмония, анын орун басары коронавирус менен ооруп жатат 

10 Теке 2020 10:35 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу  брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында министр Сабиржан Абдикаримов пневмония менен ооруп жатат. Коронавируска карата тапшырган анализи таза чыккан.

«Саламаттыкты сактоо министри пневмония менен ооруп жатат. Ал эми анын орун басарынын биринин тапшырган анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын учурда абалы канааттандырарлык. Тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө»,-деди Акматова.

Буга чейин саламаттык сактоо министри жана анын орун басары пневмония илдетине чалдыкканы айтылган.

Количество просмотров: 143