• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жумушка чыкты

3 Баш оона 202011:41 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жумушка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Абдикаримов стационардык дарылануудан кийин бир жума үй карантининде болгон.

«Бүгүндөн тартып министр штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, министр Сабиржан Абдикаримов пневмония илдетинге чалдыгып, министр жок болгон мезгилде анын милдеттери убактылуу орун басары Мадамин Каратаевге жүктөлгөн болчу.

Количество просмотров: 115