Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, анын орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруп жатат. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Акматованын айтымында, Абдикаримов менен Үсөнбаевдин коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы чыга элек.
«Анализдеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет. Учурда экөө тең дарыланып жатат»,-деди Акматова.
Буга чейин айрым жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Сабиржан Абдикаримов менен Нурболот Үсөнбаевдин ооруканага жатканын жазып чыгышкан.
Эске салсак, саламаттык сактоо министринин орун басары Үсөнбаев бир нече күндөн бери теледен онлайн маалымат бере элек.