• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Министр болбой калган Токтогазиев дыйкандар менен иштеп баштады

24 Аяк оона 201912:36 Бишкек Govori.TV

Жаш ишке Тилек Токтогазиев дыйкандарга жардам ирээтинде алардын өндүргөн продукцияларын ортомчуларсыз сатууга жол түзүлгөнүн жазды.

«Альянс агрардык ассоциациясы жана шаардагы белгилүү соода түйүнү менен биргелешип дыйкандардын өстүргөн жемиштерин ортомчусуз сатууга жол ачылды. Андыктан картошка, капуста, пияз, сабиз жана кызанак өстүргөн дыйкандар бизге кайрылгыла», — деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

https://www.facebook.com/toktogaziev/posts/2928534350543773

Белгилей кетсек, Тилек Токтогазиев өзүн айыл-чарба министрлигин жетектөөгө сунуштаган. Бирок, премьер-министр ишкерди жаш жана тажрыйбасы жетишсиз деп тапкан. 

Количество просмотров: 2192