• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Министр: Мугалимдер жогорулаган эмгек акы ала баштады

31 Тогуздун айы 201914:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы бардык мугалимдер педагогикалык билимине карабай, 30%га жогорулаган айлык акы ала баштады. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, быйыл билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акысынын көтөрүү үчүн 6 млрд 900 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө мектептерде, бала бакчаларда жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдер көтөрүлгөн айлык маянаны ала баштады. Жалал-Абаддын Токтогул районунда 18 саат менен иштеген 7 жылдык тажрыйбасы бар мугалим 13 миң 8 сом алса, октябрда 18 миң 355 сом алат,-деди министр Исаков.

Эске салсак, 30-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысын 1-октябрдан тарта отуз пайызга көбөйтүү боюнча токтомго кол койгон.

Количество просмотров: 447