• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Министр: Жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

16 Кулжа 202216:34 Бишкек Govori.TV

Жаңы окуу жылы мындан ары салттуу түрдө 1-сентябрдан башталат. Айтылган маселе боюнча токтом Министрлер кабинетине эртең кирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 16-июнда өткөн жыйынында билдирди.

«Биз жалпы бир бүтүмгө келдик. Бул боюнча мугалимдер арасында да, ата-энелер арасында да, коомчулук арасында да сурамжылоолор жүрдү. Көрсөткүч окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө жүрүп жатат. Андыктан бул маселе боюнча токтом долбоору Министрлер кабинетине эртең кирет. Бир же эки жуманын ичинде окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө токтом кабыл алынат», — деди министр.

Количество просмотров: 2332