Бишкек.31.01.2019.Govori.TV.
Саламаттык сактоо министринин кымбат автоунаасы өкмөттүн гаражына киргизилди.
Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова 31-январдагы отурумда айтып чыкты. Анын айтуусунда, коомчулуктун кескин сынынан кийин Саламаттык сактоо министрлигине сатылып алынган кымбат баалуу автоунаалар өкмөттүн гаражына өткөрүлүп берилген.
«Бул автоунаалар эмне үчүн өкмөттүн гаражына киргизилди? Эмне, алар менчикке чыгарылабы? Эмнеге мындай кымбат автоунаалар сатылып алынган, эмне үчүн аларды аймактарга беришкен жок?»,- деген суроо берди депутат.