• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Министрлер кабинетинин төрагасы Баткендеги ишкерлер менен жолукту 

25 Бирдин айы 2023 17:18 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги ишкерлер менен жолукту.

Акылбек Жапаров жолугушууда негизинен ишкерлердин жабыркаган бизнесин кайра калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканын билдирди.

“Финансы министрлиги облустун аймагында жабыр тарткан ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн ар бир ишкер менен келишимдерди түзүүнүн үстүндө иш алып барууда. Ал эми, ишкерлер үчүн дыйканчылык, айрыкча чек арага жакын аймактардагы багбандарга өзгөчө көңүл бурулуп, ал үчүн бирдиктүү чечим кабыл алып, окшош мөмө берүүчү бактарды отургузуу туура болоорун белгилейм”, — деди Акылбек Жапаров.

Эскерте кетсек, жоготууга учураган ишкерлерге бир жолку компенсация 300 миң сомдон берүү каралган. Ошондой эле 1% менен 5 жылга насыя берилет.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, 269 ишкердин ичинен 79 жеке ишкерге 300 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп, жалпы 23 млн 700 миң сом төлөнүп берилгенин билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы, мамлекет тамчылатып суугаруу системасына жардам бере турганын дагы кошумчалады.

Ошондой эле, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына 500 гектар жерге бак отургузуу жагын эсептеп чыгып, сунуш берүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 79