• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Министрлер кабинетинин төрагасы парламенттик шайлоодо добуш берди

28 Жетинин айы 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №1142 шайлоо участогунда добуш берди.

Добуш берүү процедурасы аяктаган соң Акылбек Жапаров мекендештереге кайрылып, аларды өз жарандык милдетин аткарууга чакырды. 

«Биздин шайлоого жана шайланууга укугубуз бар. Сиздер татыктуу тандоо жасап, сиздердин кызыкчылыгыңыздарды жактап, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, сиздердин пенсияларыңызды жана айлык акыңыздарды жогорулата турган мыйзамдарды жаза турган депутаттарды шайлайсыздар деп ишенем. Өлкө тарыхында алгач ирет Президенттин Администрациясы жана Министрлер Кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга болот. Сиздердин жоопкерчиликтүү, салмактуу, патриоттук жарандык позицияңыздарга ишенем», — деди ал.

Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоо тилкелери эртең менен саат 8:00дөн тартып кечки саат 20:00гө чейин иш алып барышат. Кыргызстандын аймагында жана чет жерлерге жалысынан 2494 шайлоо тилкеси уюштурулган. Өлкө боюнча 3 миллион 700 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Ал эми шайлоочулар колдоруна 2 бюллетень алат, биринчиде жаран партияны жана анын ичиндеги бир талапкерди тандаса, экинчисинде бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон адамды тандай алат.

Количество просмотров: 171