• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Министрлик: Кыргызстандын мектептеринде 23 миң 751 эркек иштейт

19 Үчтүн айы 202317:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мектептеринде 23 миң 751 эркек иштейт, бул жалпы кызматкерлердин санынын 19,3% ын түзөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мектептерде 14 миң 858 эркек мугалим сабак берет же мугалимдердин жалпы санынын 15,3%ы. Мектептердин окутуучулук курамынан тышкары 8 миң 893 эркек.

Баткен облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринде 2 миң 911 эркек иштейт же бардык кызматкерлердин санынын 22,3% ы.

Ош облусунда – 5 миң 642 эркек же 20,5%,

Жалал-Абад облусунда – 4 миң 723 эркек же 19,3%,

Чүй облусунда – 3 миң 81 эркек же 17,7%,

Нарын облусунда – 1931 эркек же 24,4%,

Ысык-Көл облусунда – 1890 эркек же 19%,

Талас облусунда – 1151 эркек же 19,7%,

Бишкек шаарында – 1621 эркек же 13,8%,

Ош шаары – 1913 эркек же 20,6%.

Количество просмотров: 69