• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Министрлик: Окуу китептерин чыгарууда кемчиликтер мурунку жетекчилер тарабынан болгон

12 Бирдин айы 2019 17:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV

Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигин текшерип, окуу китептерин чыгарууда бир катар кемчиликтер кеткенин аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Дүйнөлүк банк «Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо» долбоорунун алкагында насыя жана грант катары жалпы суммасы 16,5 миллон долларга жеткен каражат берген.

Анын ининен 5-класстардын «Табият таануу», 6-класстардын «География» китебин басып чыгаруу үчүн 4 миллион 168 миң доллар сарпталган.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова үн катып, бул катачылыкка министрликтин күнөөсү жок экенин билдирип, учурдагы жетекчилик кызматка келе электе келишимдерге кол коюлганын айтты.

Мындан сырткары китептерди басып чыгарган «Билим-компьютер» басылмасы төлөп берээрин кошумчалады.

Төмөнкү маектен толугу менен сунуштайбыз.

Количество просмотров: 31