• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Министрлик: Пандемия башталгандан бери коронавирустун 3 толкуну болду

11 Тогуздун айы 202110:47 Бишкек Govori.TV

Пандемия башталгандан бери коронавирустун 3 жолу эпидемиологиялык жогорулоосу болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын июль жана ноябрь айларында жана 2021-жылдын июль айында коронавирустун 3 толкуну болду.

“COVID-19 вирусу, башка вирустар сыяктуу эле, мутация жөндөмүнө ээ жана ал катталгандан бери бир нече мутацияланган түрлөр катталган. Мисалы, британиялык, бразилиялык, орусиялык, түштүк африкалык, индиялык жана башкалар”, — дейт ал.

Акматова кошумчалагандай, пандемия башталгандан бери республикада коронавирус инфекциясынын 179 миң 188 учуру катталган, анын ичинен 123 миң 385 учур лабораториялык, 55 миң 803 коронавирустун клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлары

Количество просмотров: 107