• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Министрлик: Таажы илдетинин мутацияланган түрү өтө тез жугат

22 Бештин айы 202012:57 Бишкек Govori.TV

Айрым өлкөлөрдө коронавирустун жаңы пайда болгон жаңы штаммы мурдагылардан бат тарап, жугуштуулугу 70 пайызга жогору. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерланддар, Дания, Австралия жана Улуу Британияда пайда болгон жаңы штаммдын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экенин айтты», — деди Акматова.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурда Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы тууралуу белгилүү болуп, көптөгөн мамлекеттер бул өлкө менен аба каттамдарын токтоткон.

Количество просмотров: 177