• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Минск шаарында ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кең курамдагы жыйыны башталды

21 Кулжа 2022 16:02 Бишкек Govori.TV

Минск шаарында КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кең курамдагы жыйыны башталды.

Өз сөзүндө КР министрлер кабинетинин төрагасы үстүбүздөгү жылдын беш айынын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын өсүшүнүн оң динамикасын белгиледи.

“Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстандын ИДПсы январдан апрелге чейин 270 млрд сомду, тышкы соода жүгүртүү 3 млрд долларды түздү, ал эми өз ара сооданын өсүүсү – 16,3%га жетип, экспорт 26,3%га жана импорт 12,3%га өстү. Муну менен катар инфляция дагы өсүп жатат, анын өткөн жылга салыштырмалуу жылдык орточо өсүүсү 12,8%ды түздү”, — деди ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-21-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышууда

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.

Количество просмотров: 81