Динара Сүймалиева “Мир” мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы Улуттук филиалынын директорлук кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Динара Сүймалиева өз каалоосу менен кеткенин белгиледи. Ал эми Нурдин Урмамбетов «Мир» ишканасынын өлкөдөгү жаңы директору болуп дайындалды.