Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчиси Мира Жангарачева кызмат ордун бошотуусунун себебин айтып берди. Бул музейде аял кишилер жылаңачтанган иш-чараны өткөрүүгө уруксат берилген.
М.Жангарачеванын айтымында, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун суранычын аткарган.
«Өзүмдүн кызматкерлеримдин коопсуздугу үчүн ушундай чечим кабыл алдым. Бирок бул ишти жасоого мажбурлаган саясатчылардан коркуп калганымды билдирбейт. Муну кызматкерлердин коопсуздугу жана музейдин бүтүндүгү үчүн гана жасадым. Анткени алар күч колдонуу, өрттөө, уруп-согуу менен баарын жасашы мүмкүн. Муну «Кырк-Чоро» жасайт», — деди М.Жангарачева.
Ал аялдардын укугун коргоо багытындагы мамлекеттик саясатты колдой турганын айтты.
Министр Азамат Жаманкулов Мира Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка бүгүн, 2-декабрда кол койгонун билдирген.