Мирбек Атабеков Казакстандын «Кызык премиясында» «Орто Азия жылдызы» номинациясына татыды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Казак элине чоң рахмат! Кечээ «Орто Азия жылдызы» наамына ээ болдум», — деди ал.
Мирбек Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Талас районунун Жон-Арык айылында туулган.
2010 -жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын алса, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти болгон.