• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ырчы Мирбек Атабеков жубайы менен ажырашты

28 Баш оона 2023 11:27 Бишкек Govori.TV

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлепберген менен эки айрым жолго түштү. Бул тууралуу ырчынын жубайы социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

«Ар бир жомоктун аягы болот. Менин жомогум — жакшы жана капага салган болду. Мен таланттуу артист катары, кыргыз элинин уулу катары Мирбекти аябай сыйлайм. Биздин 3 балабыз, сонун көз ирмемдер жана чогуу жашаган жылдарыбыз бар. Бирок жашоодо эки жолго түшкөн учур болот.
Мен Мирбекке чын жүрөгүмдөн жакшылык гана каалайм. Өз адамын тапсын. Бактылуу болуп, ден соолугу чың болсун. Жеңиш жана чыгармачылык бийиктикти каалайм. Жашоомдун белгилүү бир мезгилинде аны менен бирге болуу мүмкүнчүлүгү үчүн Жаратканга ыраазычылык билдирем. Биз менен болгон жакшы нерсе — бул балдарыбыз», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 1014