Кыргызстандык белгилүү ырчы Мирбек Атабеков эки кислороддук аппаратын алууга акча бөлгөнүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында мындай демилгени инстаграм колдонуучусу, жеке ишкер Адылбек Асанов атуу жаран баштаган.
«Адыл мырзанын демилгесин колдоп жатам. Өзүнүн катталуучуларына кайрылып, 70тей ИВЛ-кислороддук аппаратты буйрутма берип жатышыптыр. Бизде байлар көп, 100 миң сом эмес доллар бере турчу адамдарыбыз бар. Буйурса мындан да көп аппаратка каражат чогулат деген үмүттөмүн», — деди ал.
Белгилей кетсек, Адылбек аттуу жаран өзүнүн колдонуучуларына, бул оор кырдаалда жардам берели деген кайрылуу жасаган. Учурда 70 дем алдыруучу аппаратка буйрутма берилгенин кабарлаган.
Атайы аппарат Турциядан алынып келинет, ар биринин баасы 550 АКШ долларын түзөт.