• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Мирлан Арстанбаев: Токионун атайын райондорунда бизнес-форумдар, лекциялар, концерттер өткөрүлөт

29 Теке 201911:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.АрстанбаевТокио борбор-калаа округунун Тюо атайын районунун мэри Тайто Ямамото мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тюо атайын району менен экономика жаатындагы жана маданий гуманитардык маселелер боюнча кызматташтыкты тереңдетүүнүн перспективалары талкууланды. Т.Ямамото, Тюо-кунун Мэриясы, чет өлкөлүк коноктор жана Токионун дипломатиялык корпусунун катышуусу менен, ар түрдүү маданий-массалык иш-чараларды өткөрүп тураарын билдирип, Элчиликти аларга жигердүү түрдө катышууга чакырды.

М.Арстанбаев, мындай иш-чараларга колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирүү менен бирге, Кыргыз Республикасынын Элчилиги да, Токионун атайын райондорунда бизнес-форумдар, лекциялар, концерттерди өткөрүп келээрин белгиледи. Андыктан ал, Тюо-куда да, кыргыз-япон эки тараптуу мамилелерин тереңдетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн актууалдуулугун баса белгиледи.

Тараптар, бирглешкен иштерди аныктоо максатында консультацияларды улантууну макулдашышты.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси М.Арстанбаев «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын жетекчилиги менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган компания менен кызматташууну тереңдетүүнүн перспективаларын талкуулашты. Элчи М.Арстанбаев Кыргызстандын рыногуна кирүүнүн мүмкүнчүлүтөрү жөнүндө айтып берип, эки тараптын кызыкчылыгына татыган маселелерди кененирээк талкуулоо максатында, Бишкекке сапар жасоону сунуштады.

Тараптар бул маселе боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.

Количество просмотров: 29