• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Мирлан Мурзаев Кипрдеги футболдук клуб менен келишим түздү

29 Теке 201918:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.07.2019. Govori.TV

Кыргыз улуттук курама командасынын жана «Дордой» футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев Кипрдеги футболдук клуб менен келишим түздү. Бул тууралуу «Дордой» футбол клубу билдирди.

«28-июлда машыгуу жыйынында Мурзаев «Дордой» менен коштошту. Эми ал жакын арада Кипр өлкөсүнүн клубдарынын биринде карьерасын улантат» деп жазылат маалыматта.

Мурзаев быйылкы сезондо «Дордой» футбол клубунун катарында Кыргыз Премьер-Лигасында 14 оюн өткөрүп, 6 гол киргизгенге жетишкен.

Количество просмотров: 14